Британиянын ханзаадасы Гарри менен жубайы Меган Маркл уулуна Арчи деген ысым койду. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, ымыркайдын толук аты-жөнү Арчи Харрисон Маунтбаттен-Винздор. Гарри менен Меган Маркл Виндзор хан сарайына келип, Елазабет II`ге чөбөрөсүн көрсөтүү кадаасын жасаган. Ханзаада Гарринин уулу Британ тактысына мураскерлердин тизмесинде сегизинчи сапта турат.
Гарри жана анын жубайы Меган Маркл 6-майда уулду болушкан.