Бүгүн, 9-майда англиялык "Тоттенхэм" голландиялык "Аяксты" Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын жооптук оюнунда жеңип алды.
Оюндун биринчи бөлүгүндө "Аякс" 2:0 эсебинде жеңип келгенине карабастан Амстердамдагы беттеш 2:3 эсебинде жыйынтыкталды.
Күтүлбөгөн окуяларга бай оюнда "Аякстын" курамында Маттейс де Лигт жана Хаким Зиеш гол киргизсе, Лукас Моура "Тоттенхэм" үчүн хет-трик жасады. Ал өзүнүн клубга жеңиш алып келген голун оюндун 96-мүнөтүндө киргизгенге жетишти.
Бул жеңиши менен "Тоттенхэм" тарыхта биринчи жолу Чемпиондор Лигасынын финалына чыкты. Финалда алар "Ливерпуль" менен кез келмекчи.
Айта кетсек, финалдык оюн 1-июндан 2-июнга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 1:00дө болот.