Ысык-Көлдө өтүп жаткан эр эңиш боюнча республикалык турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 9-майда Ысык-Көлдө Сүймөнкул Чокморов жана Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элесине арналып өтүп жаткан эр эңиш боюнча республикалык турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Чолпон-Ата шаарында өткөн турнирде жалпысынан 5 медалдар топтому ойнотулуп, жалпы 21 спортчу катышты. Ал эми турнирдин жалпы байге фонду 150 миң сомду түздү.

1-орун - 15 миң сом
2-орун - 10 миң сом
3-орун - 5 миң сом.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

60 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун – Жекшенбек Турдубаев, Нарын облусу
2-орун – Балбай Айдарбек уулу, Бишкек шаары.
3-орун – Урмат Калнурбеков, Талас облусу.

70 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун – Чолпонбай Темирбек уулу, Нарын облусу
2-орун – Эламан Курманбек уулу, Чүй облусу
3-орун – Шаршенбек Эркинбек уулу, Ысык-Көл облусу

80 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун – Амантур Минур уулу, Талас облусу
2-орун – Саламат Омуралиев, Ысык-Көл облусу
3-орун – Адилет Таалайбек уулу, Нарын облусу

90 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун – Конокбай Баркыжоков, Нарын облусу
2-орун – Самарбек Адилет уулу, Жалал-Абал облусу
3-орун – Максат Байбутешов, Чүй облусу

90 килограммдан жогорку салмак ченинде:

1-орун – Кумушбек Кыдыралиев, Талас облусу
2-орун – Элдияр Акжолтой уулу, Нарын облусу
3-орун – Нурлан Мамбеталиев, Бишкек шаары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан