9-Май - Жеңиш күнүнө карата өтүп жаткан көк бөрү боюнча Өлкө биринчилигинин Жогорку Лиганын финалдык оюнунда салтка айланып калгандай Таластын "Ынтымак" командасы менен Оштун "Достук" командасы кез келди.
Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан беттеште "Достук" командасы атаандашын 1:0 эсебинде жеңип, турнирдин чемпиону аталды. Оюндагы жалгыз улакты "Достуктун" капитаны Таши Майлыбашев салды.
Буга чейин болуп өткөн Биринчи Лиганын финалдык оюнунда Ысык-Көлдүн "Көл-Төр" командасы Таластын "Кара-Буура" командасын 2:1 эсебинде жеңип, чемпион аталган.