Жалал-Абад облусунда оор абалда ооруканага түшкөн 2 жашар кыз боюнча кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
"Алдын ала маалыматтар боюнча кыздын таенеси кыз тепкичтен кулап кеткенин айтууда. Азыр териштирүү башталды", - деп билдирет милициядан.
Сузак районундагы айылдардын биринен 2 жаштагы кыз оор абалда ооруканага келип түшкөн. Наристе облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы оор жана эсине келе элек.