Бразилияда жубайлар ээн калган жерге 2 миллион дарак тигип, 20 жыл аралыгында тропикалык токойго айланткан

Бразилиялык сүрөтчү Себастьян Салгаду жана анын жубайы Лелия тоо этегиндеги бош жерге 2 миллион дарак тигип, аны чытырман токойго айлантышкан. 20 жыл мурда адырда бак-дарактар жокко эсе болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бразилиянын Аймореш шаарынан анча алыс эмес аймактагы жер тилкеси жубайларга 1990-жылы мураска калган. Жылдар бою ал жердеги токойдон дарактар кыйылып, ээн талаага айланган. Ошондой эле ал жерден темир кени казылып, кургакчылык башталган. Мындан улам жубайлар тропикалык бакты калыбына келтирүүнү колго алышкан.

Алар 1998-жылы "Instituto Terra" экологиялык уюмун негиздеп, бош талаага айланган жерди өз менчигине өткөрүп алышат. Себастьян Салгаду менен Лелия демөөрчүлөрдү таап, ыктыярчылардан турган чакан топ түзүшөт. Алар жалпы аянты 710 гектарды түзгөн жер тилкесине тропикалык бак-дарактардын, бадалдардын 300дөн ашуун түрлөрүн отургузушкан. Убакыттын өтүшү менен жер тилкеси акырындан жашылданып, жаратылыш ресурстары толуктала баштаган.

Калыбына келтирилген токойду жапайы айбанаттар дагы байырлап калышкан. Тагыраак айтканда, учурда токойдо канаттуулардын 172 түрү, сүт эмүүчүлөр классындагы айбанаттардын 33 түрү бар.

Кургак талаага айланып кетүү коркунучунда калган жер үлүшүн калыбына келтирүү үчүн 20 жыл сарпталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Samash-87
2019-05-09 20:51:36
Жакшыдан жашыл бак калып,
Жамандан жүрөк так калып.
+35
Kuba-savai87
2019-05-10 05:09:53
Samash-87,жакшы соз экен
+4
FC-Abdish-ata
2019-05-10 23:53:40
Samash-87,андай эмес, Жакшыдан жашыл бак калат, жамандан журокко так калат!
0
bond02
2019-05-09 21:51:58
Аа жакшы, кыргызда да соз бар атандан мал калгыча тал калсын деген.
+20
Kuba-savai87
2019-05-10 05:13:49
bond02,жакшы соз экен
+5
vikidiki
2019-05-09 23:38:25
Суктанаарлык! Кудайга жаккан иш кылышыптыр.
+19
souza.j
2019-05-10 07:12:18
Азаматтар.
+5
Snare
2019-05-10 14:08:27
Жакшы адамдар бар учун дуйно сакталып турат.
+1
Барс
2019-05-10 16:03:19
2 миллион дарак тиксе, бак тикти деген туура эмес! Дарактардын топтому бак болот! Эгер ушунча түп дарак тигип өстүрсө, сооптун түбүндө калыптыр азаматтар! Кана эми биз да кыйраткандын ордуна ушулардан үлгү алсак!
+2
Эльвира Караева
2019-05-10 16:55:49
Барс, саламатсызбы, Барс агай. Оңдолду. Рахмат :)
0
Jelezo
2019-05-10 16:56:36
Дарактардын көчөтөрүн эгишкен десе туура болсо керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан