9-Май - Жеңиш күнүнө карата өтүп жаткан көк бөрү боюнча Өлкө биринчилигинин Жогорку Лиганын финалдык оюнунда салтка айланып калгандай Таластын "Ынтымак" командасы менен Оштун "Достук" командасы беттешти.
Бири-биринен кем калышпаган командалар көрүүчүлөргө жогорку деңгээлдеги оюн тартуулашты. Аталган оюнда жеңүүчү аталган "Достук" командасынын чабуулчусу Манас Ниязов оюндан кийинки сезимдери менен бөлүштү.
"Жогорку деңгээлдеги оюн болду. Атаандаштарыбыз да мыкты оюн көргөзүштү. Бирок бул ирет жеңиш биз тарапта болду. Ноорузда өткөн оюнда жеңилип калганыбызды эске алып, каталардын үстүндө иштеп, жакшы даярдык көргөнбүз. Бүгүн ошонун үзүрүн көрүп турабыз", - деп билдирди Ниязов.