Ырчы Алтынай Нарбаева 47 жашында төрөгөн кызынын сүрөтүн жарыялады

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева 47 жашында төрөгөн кызы Каринанын сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. "Кызым коомдук жайларда жүргөндү жакшы көрөт. Бүгүн биринчи жолу коомдук иш-чарага алып бардым" деген ырчы SUPER.KG порталына буларды айтып берди.

"Кызым ушул жылдын июль айында 4 жашка чыгат. Бүгүн Жеңиш майрамындагы коомдук иш-чарага жалгыз барбай кызымды дагы ээрчите баргам. Концерттик программада кызым дагы ырдады. Биздин кезек келгенге чейин Карина чарчап, ачка болуп аябай жүдөдү. Бирок "кетели", "курсагым ачты" деп ыйлабай, концерттин аягына чейин чыдап отурду. Кызымдын азыртадан эле коомго аралашып, дүйнө таанымы кеңейе берсин деп жатам. Бала бакчага барып жүрөт. Бирок ал жак башка, коомдук иш-чаралар башка.

Өзү кичинекей болсо дагы акылы данектей. Мен тойго барам десем "Өмүргө", "Кат жазчы мага дегенге" барасыңбы? (менин репертуарымдагы ырлар) Мен дагы барайынчы, сен ырдайсың, а мен бийлеп турам" дейт. Мектепке кетип жатканда "китепке барасыңбы?" деп сурайт.

Каринанын музыкага шыгы бар. Келечекте мендей артист болом десе атасы, бир туугандары болуп колдоп алабыз", - деди Нарбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Birimdik5555
2019-05-10 01:21:08
Ии бир ширин кыз экен,омуру узун бактылуу болсун
+7
Ruslan-bel-oruk
2019-05-10 01:57:16
Омуру узун кыз болсун
+6
titanik32
2019-05-10 08:26:36
Өмүрлүү болсун,ата энеси жакындары Кыргыз элим сыймыктанган кыз болсун.Алтынайдын талантына таазим чыгармачылык ийгилик каалайым.
+4
portugalia
2019-05-10 08:35:21
Кызыңыздын келечеги кенен болсун!
+5
nazi25
2019-05-10 08:45:02
Ооба каарыганга көргөн балдар башкача зирек болушат.Бактылуу кыз болсун.
+5
Kamchybek-007
2019-05-10 10:31:43
Кайсынысы Карина орус кызбы?
0
Skarlett-Skarlett
2019-05-10 11:01:47
Сонун ырчы,Каринанын омуру узун,эч неседен кем болбосун!Амин!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан