WhatsApp тиркемеси айрым уюлдук телефондордо иштебей калат

Жакынкы аралыкта WhatsApp тиркемеси айрым уюлдук телефондордо иштебей калат. Бул тууралуу компаниянын сайтында жазылды.

Маалыматта жазылганына ылайык, 2019-жылдын 31-декабрына чейин WhatsApp тиркемеси "Microsoft" компаниясынын "Windows Phone" операциялык системи орнотулган смартфондордо ачылбай калат. Мындан сырткары тиркеме Android жана iOS смартфондорунун эски версияларында да иштебей калат.

Ошондой эле компаниянын сайтында 2020-жылдын 2-февралынан тарта тиркеме Android 2.3.7 платформасы орнотулган жана iOS смартфонунун 7 жана андан эски версияларында орнотулган телефондордо ачылбай калары жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuba-savai87
2019-05-10 10:50:13
Эмнеге ээ?
-2
bazar
2019-05-10 19:42:41
Жаңы телефондорду алышыбыз керек экен да эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан