Англиялык "Манчестер Сити" клубу португалиялык "Бенфиканын" 19 жаштагы жарым коргоочусу Жоау Фелишти сатып алууга кызыкдар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, Фелиш 33 жаштагы Давид Сильванын ордуна келмекчи. "Фелиш "Бенфика" үчүн 41 оюнда 18 гол киргизүү менен айырмаланды. Анын дареметин "Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналду баалаган. Ал Фелишти футболдогу өзүнүн мураскери деп италиялык клубдун жетекчилигин ага көңүл бурууга чакырган", - деп айтылат маалыматта.