"Валенсия" - "Арсенал" беттешинин алдында түз эфир учурунда журналисттин башына топ тийип жыгылды

"Валенсия" - "Арсенал" беттешинин алдында журналисттин башына топ тийип жыгылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя Европа Лигасынын жарым финалдык беттешинин алдында болгон. Анда "Месталья" стадионунда оюнга даярдык көрүлүп жаткан мезгилде "Арсенал" клубунун оюнчусу түз эфирди алып барып жаткан журналист Моника Бенавентти топ менен башка тээп алган. Аталган видеону "BT Sport" телеканалынын журналисти Жейк Хамфри жарыялаган.
Башына топ тийген журналист бир саамга түз эфирден жоголуп, бирок кайтып келген. Бенавент болуп өткөн окуяны жылмаюу менен кабыл алып, эч кандай жаракат албаганын айткан.
Аталган беттеште "Арсенал" - "Валенсияны" 4:2 эсебинде жеңип финалга чыккан. Финалда "Арсенал" "Челси" менен беттешет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан