ЭЛДИК КАБАР: "Ат-Башынын Кара-Суу айылында ооруп өлгөн малдын өлүктөрү туш келди ыргытылып жатат" дейт окурман

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылынын четинде малдын өлүктөрү ташталып жатат. Алардын саны өтө көп. Өлүмүнүн себептери белгисиз. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Айылга жакын таштанды төккөн жер бар. Аны эл "өлүк кокту" деп коюшат. Ушундай атка конгончо жергиликтүү айыл өкмөтү, ветеринарлар карап коюшкан жок. Ал эми бул кокту күндөн күнгө айыл эли үчүн кооптуу болуп келе жатат. Бул жерде эмненин гана өлүгү жок: ит-мышыктан тартып, торпок, уй, кой, эчки, жылкынын өлүктөрүнөн бери сасып-ирип жатат.

Эл дагы айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылганды үйрөнсө. Бул жандыктар эмне дарт менен ооруп өлгөнү белгисиз. Ит-куш тытып жеп, анан айылга кирип адамдарга кол салбайт деген кепилдик жок да. Малдын өлүгүн таштай турган, атайын корукка алынган жай камдабаса, ушул бойдон кала берсе коркунучтуу оору тарап, өзүбүз эле зыян тартабыз", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Атбашынын Кара-Суу айылында "өлүк кокту" пайда болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aiba.8327
2019-05-15 12:57:18
Акты ак деп Кокту кок деп айтам Нарындыктар не деп айтты эле эстей албай жатам....
+2
ma2as
2019-05-15 14:03:19
Кичине болсо да ынсабы бар адамдар экен :) , Калбасный цехке тапщырбай , ыргытканына карганда .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан