Жалал-Абадда мунай базасы өрттөнүп жатат

Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базасы өрттөнүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.

Күбөнүн билдиргенине караганда, өрттүн башталганына 40 мүнөттөй убакыт болуп калды. Бул убакыт аралыгында 2-3 жолу бир нерсе жарылгандай үн угулду.

"Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматы келди, бирок алар өрт болуп жаткан жерге өтө жакын жолой албай жатышат. Өрт эмнеден чыкканы азырынча белгисиз, биз жолдон кетип бара жатып көрүп калдык. Азыр өрт болуп жаткан жерде өрт өчүрүү кызматынан башка кызматтар келе элек", - дейт күбө.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын билдиргенине ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Жалал-Абадда мунай базасында өрт чыкты
Жалал-Абадда мунай базасында өрт чыкты
Мунай базасында чыккан өрт
Жалал-Абаддагы мунай базасында өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
elchi84
2019-05-10 10:40:00
Кайсыл база экен.?
0
Zeman
2019-05-10 11:49:32
Карап турбай орт чыкты деп очурбойбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан