Мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан УКМКнын 9-кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Дамир Мусакеев журналисттерге өзүнө жана туугандарына таандык мүлктөрүн көрсөтүүдө.
Буга чейин Башкы прокуратура 2010-2017-жылдар аралыгында жалпы суммасы 20 миллион сомду түзгөн мүлктөрдү сатып алганы боюнча маалымат тараткан. Сатып алынган мүлктөр Дамир Мусакеевдин туугандарына (атасы, апасы, аталаш бир тууганына) катталганы да маалымдалган.
Кийин Мусакеев Башкы прокуратура көрсөткөндөй мүлктөрү болсо, 2016-жылга чейин үй-бүлөсү менен УКМКнын бир бөлмөлүү жатаканасында жашабай тургандыгын айтып чыккан.
11:20. "Азыркы бийлик тараптан мени камап коюу аракети болууда. Эгер камап койсо, демек, бул Кудайдын буйругу" деди Мусакеев.
11:30. "Атамбаев мага "коррупцияга аралашпа" деп көп айтчу. "Эгер пара алсаң, сени каматам" дечү. Акча керек болсо менден ал деп айтчу. Акча сураган эмесмин, бирок майрам күндөрү премия катары акчалай сыйлык берип турчу. Унаа, батир белек кылган жок. Бирок мага эле эмес, биздин кызматтагы балдарга да жардам берип жүрдү", - деди Мусакеев.
12:00. Алгач Мусакеев Чүй облусунун Биримдик конушундагы үйүн көрсөттү. Турак жайдын курулуш иштери толук аяктабаганы байкалды. Мусакеевдин айтымында, жер тилкени атасы 2006-жылы 25 миң сомго сатып алган. Учурда бул үйдө Мусакеевдин инилери жашап жатканы айтылды. Жер тилкенин жалпы аянты - 6 сотых.
Учурда бул үйдө канализация жок. Оңдоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Аны сатабы же сатпайбы, ата-энем өздөрү чечет. Башкы прокуратура мүлктөрдү 20 миллион сом деп бүгүнкү баа менен көрсөткөн окшойт. Бирок баары бир мынчалык кымбат бааланбайт деп ойлойм", - деди Мусакеев.
14:40. "Кызыл-Аскер конушундагы 2 бөлмөлүү батир 1 миллион 200 миң сомго ипотекага сатып алынган. Аянты 85 чарчы метр. Атамдын атына катталган. Бул жерде иним үй-бүлөсү менен жашайт", - деди Мусакеев.
Чүй облусундагы мүлктөр:
1. Сокулук району, Новопавловка айылы, Проектируемая көчөсүндөгү жер тилке (катталган күнү 18.02.2010),
2. Аламүдүн району, Маевка айылындагы жер тилке (катталган күнү 20.01.2011),
Ысык-Көл облусундагы мүлктөрү:
1. Чоң-Сары-Ой айылы, курорттук зонадагы жер тилке (катталган күнү 24.06.2015),
2. Тоң району, Бөкөнбаев айылындагы дүкөн,
3. Бөкөнбаев айылынын Мамбетов көчөсүндөгү турак-жай (катталган күнү 01.09.2016)
4. Бөкөнбаев айылынын Мамбетов көчөсүндөгү дүкөн (катталган күнү: 01.09.2016),
5. Бостери айылындагы коттедж (катталган күнү: 11.02.2019).
Бул тизме тарагандан көп өтпөй Мусакеев билдирүү таратып, мындай маалыматтарды четке каккан. Ал тизмедеги ар бир мүлккө токтолуп, түшүндүрмө берген. Анын түшүндүрмөсү төмөндө:
1. Бишкектеги Көк-Жар конушундагы Куйручук көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батир - УКМК тарабынан берилген кызматтык батир.
2. Сүйөркулов көчөсүндөгү 7а дарегиндеги көп кабаттуу үйдөгү батир - агамдын батири,
3. Ак-Ордо конушу, Көк-Бел көчөсү №74, жер тилке агама тиешелүү, ал 5 жылдан бери үй салып жатат.
4. Кеңсуу көчөсүндөгү №19-даректеги көп кабатуу үйдөгү батир иниме тиешелүү,
5. Рыскулов көчөсү, №79б дарегиндеги батирдин мага жана менин жакындарыма тиешеси жок, ал Тоң районундагы бизнесмен тууганыбызга таандык,
6. Турусбеков көчөсү №88/2 көп кабаттуу үйдөгү батирдин мага жана менин жакындарыма тиешеси жок, ал Тоң районундагы бизнесмен тууганыбызга таандык,
7. Калык Акиев көчөсү №99, батирдин мага жана менин жакындарыма тиешеси жок, ал Тоң районундагы бизнесмен тууганыбызга таандык,
8. П. Лумумбы көчөсү №143, бул батирдин мага жана менин жакындарыма тиешеси жок, ал Тоң районундагы бизнесмен тууганыбызга таандык,
9. Рыскулов көчөсүндөгү батир - мындай мүлктү билбейм.
Жер тилкелер жана үйлөр:
Чүй облусундагы мүлктөр боюнча:
1. Сокулук району, Новопавловка айылындагы Проектируемая көчөсүндөгү 4 сотых жер агама таандык, ал аны 2010-жылы сатып алган,
2. Аламүдүн району, Маевка айылындагы 4 сотых жерди атам 2006-жылы сатып алган,
Ысык-Көлдөгү мүлктөр боюнча:
1. Бөкөнбаева айылындагы үй - ата-энемдин үйү,
2. Бостери айылындагы коттедж, мага жана жакындарыма тиешеси жок. Тоң районундагы бизнесмен тууганыбыздын коттеджи.