Жалал-Абаддагы күйүп жаткан мунай базасы "Томас и Ко" ЖЧКсына таандык

Жалал-Абад шаарында жайгашкан мунай базасында чыккан өрттү өчүрүүгө жалпы 7 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Алдын ала маалымат боюнча, Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 9:40та келип түшкөн. Алгач өрт өчүрүүгө саат 10:05те 3 бөлүм тартылган, андан соң саат 10:17де Сузак райондук өрт өчүрүү кызматынан 3 бөлүм, саат 10:55те Жалал-Абад шаардык №58 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Азыркы тапта 7 бөлүм өрттү өчүрүп жатышат", - деп жазылат маалыматта.

Өрттү өчүрүү иштерин жеринен көзөмөлдөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын башчысы полковник Абулнасир Закиров өзү келген. Окуя болгон жерде ИИМ кызматкерлери, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада иш алып барууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча күйүп жаткан мунай базасы - "Томас и Ко" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык. Аталган компаниянын директору Жоомарт Токомбай уулу, ал эми компаниянын негиздөөчүлөрү Казыбек Ташиев жана Замирбек Жылчымышев экени айтылууда.

Жалал-Абадда мунай базасында өрт чыкты
Жалал-Абадда мунай базасында өрт чыкты
Жалал-Абаддагы нефти базада чыккан өрт күчөп жатат
Жалал-Абаддагы нефти базада чыккан өрт 2
Мунай базасында чыккан өрт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
madina.87
2019-05-10 12:32:09
Кудай сактасын, ушундай тилсиз жоодон
0
ilgiz-kg01
2019-05-10 12:44:00
бул орт акысын бербегенден болот
ошого барыбыз тапкан мулкубуздун акысын бергенди унутпайлы
-3
odin-takoy
2019-05-12 11:06:28
ilgiz-kg01,камчыбек ташиевке карайт бул база. Ташиев акчаларын элге чачып эле журот озунун жанынан жолдорду ондоп сага дагы не кылыш керек
0
Chungyz
2019-05-10 15:08:25
Бензин кымбаттайт эми
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан