Жаңыдан турмуш жолуна аттанган ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Дека бал айын Дубайда өткөрүп жатышат. Жагымдуу маанайын күйөрмандары менен бөлүшкөн Айдана Дека бал айы кызыктуу жайларды көрүү менен уланып жатканын белгилеген.
Ырчылар буга чейин Аваз Акимовдун туулган айылында болушкан. Ошону менен бирге эс алуу үчүн жолдомо белек кылган өкүл ата, өкүл апасына ыраазычылыгын билдирген.
Жылдыздуу түгөйлөрдүн өкүл апасы - ырчы Самара Каримова, өкүл атасы - Асан Мансуров.