Күбө: "Жалал-Абадда өрттөнүп жаткан мунай базага бара жаткан өрт өчүрүү унаасы өзү күйүп жатат"

Жалал-Абад шаарында жайгашкан мунай базасында чыккан өрттү өчүрүүгө жалпы 7 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, мунай базасында 4 цистерна жайгашкан. Алардын үчөө күйүп, жарылуу дагы орун алган. Учурда төртүнчү цистернага өрт жакындап калды. Эгер ал күйсө чоң жарылуу коркунучу бар дейт окурман.

"Өрттөнүп жаткан аймак милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды. Жабыркагандар бар же жок экенин билбейбиз. Кырсык болуп жаткан жерге өрт өчүрүү үчүн бара жаткан унаа орто жолдон токтоп калып күйүп жатат. Эмне болуп өрттөндү билбейм, бирок видеодо көрүнгөндөй, түтөп жатат. Ал эми калк жайгашкан аймакка өрт жакын эмеспи деп кооптонгондорго айтарым, эртерээк өрт чектөөгө алынса, эл жайгашкан аймак коопсуз эле. Ошондой эле май куюучу жайга да өрт жакындаган жок. Кырсык базанын короосунда гана орун алууда. Анткен менен өрт азырынча өчө турган эмес, барган сайын жалын күч алып, түтүн коюуланып жатат", - деди күбө.

Алдын ала маалыматтар боюнча күйүп жаткан мунай базасы - "Томас и Ко" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык. Аталган компаниянын директору Жоомарт Токомбай уулу, ал эми компаниянын негиздөөчүлөрү Казыбек Ташиев жана Замирбек Жылчымышев экени айтылууда.

Жалал-Абаддагы мунай базасына өрт өчүргөнү барган унаа күйүп жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Adi010891
2019-05-10 13:41:01
Азаттыкта журотго 2 киши жабыркады деп. Бироосу 50% куйук менен жандандыруу болумундо
+1
bond02
2019-05-10 13:50:00
Биздин спец машиналарга тушунсо болот, эскилиги жеткен. Андан коро алысыраактан эле курчоого алып турганынар он го дейм, озунор кошо орттонуп кетип уят болбой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан