Мунай базада чыккан өрттөн 2 өрт өчүрүүчү жабыркап, ооруканага жеткирилди. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.
"Өрт өчүрүүчүлөрдүн биринин денесинин 50 пайызы күйүп калган, абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми экинчи өрт өчүрүүчүнүн бети күйүп калган. Өрт чыккан жерде "Тез жардам" жана бир реанимобиль кызматынын автоунаасы күзөттө турат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Өрттү өчүрүү үчүн 350 литр көбүк колдонулган, кошумча дагы 500 литр көбүк иштетиле турганын басма сөз кызматы кошумчалады.
Айта кетсек бүгүн, 10-майда саат 10:00дор чамасында Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базасында өрт чыккан.
Алдын ала маалыматтар боюнча күйүп жаткан мунай базасы - "Томас и Ко" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык. Аталган компаниянын директору Жоомарт Токомбай уулу, ал эми компаниянын негиздөөчүлөрү Казыбек Ташиев жана Замирбек Жылчымышев экени айтылууда.