Чүй облусунун Ысык-Ата районунда небересине ыплас иш-аракеттерди кылган деп шектелген жаран убактылуу кармоочу жайда асынган абалда табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-май күнү Ысык-Ата РИИБине 24 жаштагы Киргшёлк айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 6-май күнү жашы жете элек кызына таятасы тарабынан сексуалдык аракеттер болгону жазылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 162-берене "Сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттер" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ошондой эле соттук медициналык экспертизалар дайындалып, шектүү катары ошол эле күнү 55 жаштагы Р.С. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, алдын ала көрсөтмөдө кылган ишин моюнуна алган.
"Ал 2017-жылдан бери кызы иштегенине байланыштуу анын жашы жете элек кыздарын багып келген. Шектүү жаран ушул жылдын апрель айынан бери чоңураак небересине ыплас мүнөздөгү иштер тууралуу айтып берип, ал гана эмес порнографиялык кинолорду да көрсөтүп келген. Бул көрсөтмөдөн кийин Ысык-Ата райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. 10-май күнү саат 06:50 чамасында Ысык-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайында шектүү асынып алган. Анын жанынан жакындарынан кечирим сураган кат табылган. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Чүй ОИИББи кызматтык иликтөө баштады", - деп жазылат маалыматта.