Мунай базада чыккан өрт чектөөгө алынды

Жалал-Абадда мунай базада чыккан өрт саат 17:25те чектөөгө алынды. Бул маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы тастыктады.

Учурда өрттү өчүрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Айта кетсек бүгүн, 10-майда саат 10:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүү учурунда 2 адам жаракат алган. Такталган маалымат боюнча, жаракат алгандардын бири өрт өчүрүү кызматкери болгон. Жаракаты жеңил болгондуктан ооруканага кайрылган эмес. Жабыркаган экинчи жаран денесинен 50 пайыз күйүк алган, ал 24 жашта. Учурда ооруканада.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 12 бөлүм, 2 автошаты тартылган. Жеринде ӨКМнын ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан 3 суу ташуучу унаа, РЭТ кызматынан 1 бригада, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада иштеп жатат. Ошондой эле ИИМдин кызматкерлери жана Жалал-Абад шаарындагы аэропортунан 2 өрт өчүрүүчү унаа, Кочкор-Ата шаарындагы Кыргыз Нефти Газ ишканасы дагы өрттү өчүрүүгө жардамдашууда. Мындан тышкары болжол менен 2 миңге жакын адам коопсуз жайга эвакуацияланган. Мындан тышкары Оштон кошумча күч тартылган. Ошондой эле менчик уюмдардан 4 өрт өчүрүүчү унаа тартылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча күйүп жаткан мунай базасы - "Томас и Ко" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык. Аталган компаниянын директору Жоомарт Токомбай уулу, ал эми компаниянын негиздөөчүлөрү Казыбек Ташиев жана Замирбек Жылчымышев экени айтылууда.


Жалал-Абаддагы мунай базасында өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bessmertiy
2019-05-10 21:14:55
Орозонун күнұндө ушунча байлыгыңдан жарды-жалчыларга садака бер деп аллах тараптан эскертүү берип атат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан