Орусиялык журналист Сергей Доренко мотоцикл башкарып бара жатканда каза болду

Орусиялык журналист Сергей Доренко каза болду. Чет элдик басылмалар журналист мотоцикл башкарып бара жатканда жүрөгү сокпой калганын жазып чыгышты.

"Говорит Москва" радио түйүнүнүн башкы редактору Сергей Доренко Москвадагы Земляной Вал көчөсүндө мотоцикл башкарып бара жатканда каршы тилкеге чыгып, жол четиндеги тосмону сүзүп кеткен. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган эмес. Кийинчерээк белгилүү болгондой, журналист мотоцикл башкарып бара жатканда жүрөгү сокпой калган.

Сергей Доренко 1959-жылы Крымдагы Керчь шаарында төрөлгөн. Кийинчерээк ал Москвага көчүп келгенден кийин жергиликтүү телеканалдарда иштеген. 2014-жылдан баштап каза болгонго чейин "Говорит Москва" радиотүйүнүнүн башкы редактору болуп эмгектенген.

Орусиялык журналист Сергей Доренко мотоцикл башкарып бара жатканда каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pchelka85
2019-05-11 08:36:28
Жалко. Кыйын журналист эле.. ошон учун политиктердин кобу коркуп турушчу.. иманы саламат болсун!!!
0
Take_men
2019-05-12 23:06:51
Березовскийдин телекиллери болчу. Жүзү жок акча үчүн баарын кылган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан