Шоумен Санжар Мыкыев экинчи ирет ата статусуна ээ болду. Анын жубайы Наристе бүгүн, 10-майда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды.
Санжар Мыкыев "Он эки айдын султаны болгон улуу Орозо айында дагы бир кыздуу болдум" деп окурмандарына сүйүнчүлөдү. SUPER.KG порталы Мыкыевге байланышканда, ал бир нече мүнөт мурда кыздуу болгонун айтты.
Санжар мырза 2013-жылдын ноябрь айында Наристе менен баш кошкон. Түгөйлөрдүн Фатима аттуу 4 жаштагы кызы бар.