Владимир Путин хоккей ойноп бүткөндөн кийин кулап түштү

10-майда Орусиянын президенти Владимир Путин Сочиде Түнкү хоккей лигасынын гала-оюнуна катышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Путин бул оюнда 10 шайба киргизип, командасын жеңишке алып келди. Жалпы эсеп 14:7 болду. Оюнда атаандаштары Путинге шайба киргизүүгө тоскоолдук жасоого анча деле аракет жасабаганы байкалды.
Беттеш аяктаган соң президент колдоочуларга кол чаап бара жатып, музга төшөлгөн кызыл килемди көрбөй калып, чалынып кулап түштү. Хоккейчилер Вячеслав Фетисов менен Валерий Каменский Путинге турууга жардам беришти.
Бул окуя интернетте кызуу талкууланды. Айрымдар "Килемди кантип жазалашты экен?" деп тамаша иретинде комментарийлерди калтырышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Shef87
2019-05-11 12:36:40
Анан?
+5
Aiymkunumjyldyzym
2019-05-11 12:58:33
Биздикидер жыгылбасын Путин жыгылса дагы.Бут кийимин чечкенде белдери ооруп кетет анан минтип жыгыла турган болсо туз эле чет олкого дарыланганга учуп кетишет
+13
molorbaev
2019-05-11 13:01:32
Кыйын адам. Быйыл 67ге чыгат. Жыгылганы, турганы жаш жигиттей.
+9
mira28
2019-05-11 13:31:03
Жонокой президент.Бирде лыжа тээп бирде хоккей ойноп жаштардан кем калбайт.КВН музей балдар уйу баарына жетишип барат.Чон державаны алаканга салып карап жатат.А биздечи костюм шымды кийип колду чонтоко салып кол бойлоп 1 2 селфи жасаганы бул деген жонокойлукту билдирет деп мактап коебуз.
+9
Eli.91
2019-05-11 14:09:22
Ото простой инсанда.Биздикилерда ушундай болсо кана.
+6
Skarlett-Skarlett
2019-05-11 15:05:37
Жакшы адам,ушул президенттен баары улгу алышса.Интеллигент деп ушундай кишилерди айтат.
+5
Wold
2019-05-12 00:20:27
Skarlett-Skarlett, Эмнеси жакшы? Заалымдыгыбы?
0
Skarlett-Skarlett
2019-05-12 18:19:43
Wold,Эн сонун эле лидер,Горбачёв,Брежневдин заманынан жакшы,Володя супер деп эле макташат.Мага жагат,Кыргызстанда кайын журтума кор болуп,памперске,йогуртка куйоомон жалынып акча алып,жогорку билимим менен кор болуп жургон кундордо Россия бир боор энем кучагына кыскан.Суйом бул олкону.
-2
nazarnew
2019-05-11 18:41:06
Москвага жол ачканы үчүн биздикилер макташат аны, дүйнө и орус эли жек көрөрүн и кандай адам экенин баары жакшы биле бербесе керек.
+9
bekmaral
2019-05-11 21:59:29
nazarnew,Ошондой нерселер болгону учун дос жана кас мамлекеттер болуп эсептелет.
-3
bond02
2019-05-11 18:50:34
Кызык, биздин президент коньки тебе алат болду бекен.
+3
madina.87
2019-05-11 20:04:50
Путинди мактап олтура бергиле,бирөөнүн катыны бирөөгө кыз көрүнөт болуп.Биякта өз эли кандай ойдо экенин билсеңер жазмак эмессиңер.
+5
Wold
2019-05-12 00:21:54
madina.87, Эң туура айттың, акылыңа балли.
+3
KaGaH
2019-05-11 22:01:35
Путин жакшы адам эмес,ал вор и убийца коррупционер,оруссияда жакынкы жылдарда революция болот,аны колдогондор жылдан жылга азайып баратат
+4
DanilAylin
2019-05-11 23:59:51
KaGaH,билип билбей жаза бербегиле козунор менен корбогондон кийин
-5
KaGaH
2019-05-12 01:59:42
DanilAylin, Путинди гаагский сотто соттошот,как военный преступник, Украинадагы кылмышы үчүн
+1
milan-707
2019-05-12 00:00:15
KaGaH, депортация болгон окшойсунааа
+3
tursunbaev78
2019-05-12 00:49:03
Мен да мурда Путинди сыйлачумун,азыр жок,себеби биздин мигрант болуп жүргөнүбүздүн бирден бир себепчиси Путин,биздин ички саясатыбызга түздөн түз киришет,бизге эле эмес көп мамлекеттердин ички саясатына киришет,себеби СНГ мамлекеттери Россиядан көз каранды болушун каалайт,Кыргызстандын же ошол эле СНГнын башка мамлекеттери гүлдөп,өнүгүп кетүүсүн каалабайт,өнүгүп кетсе баш ийбей калат
+7
KaGaH
2019-05-12 01:57:20
tursunbaev78,наконецто түшүнгөн адам ))
+2
Begimay.emir1
2019-05-12 12:03:02
tursunbaev78,ошого башы жеткен учун кылып атат да
0
AykaMer
2019-05-12 10:08:01
Путин жаман адам болгондо Кыргызстанды давным давно колония кылып алмак.... Жириновскийге окшоп,көлүңөрдү бергиле карыз эле ала бербей деп алып эле коймок. Жакшы болгону үчүн көп жылдан бери президент болуп жүрөт. Биздеги карыздарга көз жумуп келатат...Жаман болсо кайра такка олтурбайт эле,эли отургузбайт эле...Бизде жакшы жок ар 5 жыл сайын ар түрдүү адам келип жеп кетет.Алар кеткенден кийин жеди,ичти деп чукуп митинг башташат.Кокус өлүп калышса баатыр деп өздөрүн алдашат...
-2
allia
2019-05-12 11:43:34
Мууз үстүндө кадимки көрүнүш.....
+2
Baku88
2019-05-12 12:33:47
Кошоматчылар бизде эле бар десем буларда деле бар экен да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан