Бишкек шаарындагы "Орто-сай" базары таза болгондуктан базардан соода кылуу ыңгайлуу эле. Азыркы абалы жарандарга тоскоолдуктарды жаратууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.
"Учурда Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн базарга кире бериштен тарта жолдон өтүүдө ыңгайсыздыктар башталат. "Тез жардам", өрт өчүрүүчү унаалар өтө турган жолду башаламан соодогерлер ээлеп алган. Унаа эмес жөө адам өтө албайт. Үстүнө жабылган чатырлары басууга тоскоолдук жаратат. Буларды ким тескейт? Укук коргоо органдарыбы же базар жетекчилериби?" - деп жазат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.