Ильяз Андаш, Добр жана Кайрат Примбердиев чачын таз кылып алдырышты. Эми кезек кимде?

Ырчылар Ильяз Андаш, Добр, Кайрат Примбердиев, шоумен Манас Алыкулов чач жасалгасын өзгөртүштү. Алар чачын таз кылып алдыруу эстафетасын бири-бирине узатышууда.

Ырчы Ильяз Андаш SUPER.KG порталына акыркы жолу 5-класста чачын кырдырып салганын айтты.

"Башым эс алсын деп кырдырып салууну ойлонуп жүргөм. Орозо айында чакыруулар дээрлик болбойт эмеспи. Ушул айда кырып салууну туура көрдүм. Досторго да эстафета узатып койгом. Кечээ футбол ойногону барганда алар да чачын алдырганын көрдүм. Өскөн чачты кайра эле алдырып жатам. Башкалар көнбөгөн үчүн баары эле жарашпаганын айтып жатышат" дейт ырчы.

Ал чачын таз кылып алдырууну Курал Чокоев, Манас Алыкулов, Кайрат Примбердиев, актёр Анвар Осмоналиев жана башка досторуна сунуштаган.

Ильяз Андаштын эстафетасын кабыл алган рэп ырчысы Добр буга чейин деле кырдырып жүргөнүн айтат.

"Өзүм мурун эле чачымды кырдырып же кыска алып жүргөндүктөн көп айырмачылык болгон жок", - деди ал.

Ырчылардын футбол оюнунан кийинки сүрөттөрүнө пикир жазган окурмандары таң калышканын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Daniel01
2019-05-12 13:32:15
Быйыл жун кымбат болуп атат дешсе ишенбедим эле
+2
Dembele84
2019-05-12 13:46:08
Койгулачы айланайындар,эптеп элди конул бурдурууга башка эч нерсе таппадынарбы?
+6
bond02
2019-05-12 14:44:41
Эми Кайрат кыргыздын чачын алдыргыла.
+16
vikidiki
2019-05-12 17:30:32
bond02,Ага гонорар толойм десен да албайт го чачын.
+4
Nestana95
2019-05-12 19:54:22
vikidiki,жардыныз
+1
Shekeev969798
2019-05-12 15:50:20
Оо бали Жакшы жарашат эркеке таз болгон
Азыр коро албай комент жазгандарга тан каламда кичине жакшына ойлогонду уйронолучу кыргыз элим баарынын ичин кара экен
+2
Ruslan-bel-oruk
2019-05-12 16:24:17
Жакшы Манас таш чайнар болуп калыптыр
+3
Makul
2019-05-12 17:33:54
Молодцы чыныгы эркектер!!!
+1
Skarlett-Skarlett
2019-05-12 18:14:46
Жакшы,сонун жарашкан
+1
nazi25
2019-05-12 21:36:39
Кайрат жакшы кылыптыр баарынан да
0
KaGaH
2019-05-12 22:35:21
Я легенда деген кинодогу,мутанттар го баары
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан