Санкт-Петербургда футбол күйөрмандарынын арасында массалык мушташ катталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, массалык мушташ 12-майга караган түнү болгон. Анда "Зенит" менен "ЦСКАнын" күйөрмандары эки жаат болуп мушташкан.
"Мушташка ар бир тараптан 10дон киши катышкан. Мушташ узакка созулган эмес, жеңүүчү бат эле аныкталган. Катышуучулар бири-бири менен кол беришип тарап кетишкен", - деп айтылат маалыматта.