Кыргыз балбаны Каныбек Жолчубеков Украинада өткөн эл аралык турнирде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Украинанын борбор шаары Киевде 10-12-май аралыгында өткөрүлгөн эл аралык турнирде Кыргыз өлкөсүнүн атынан жалгыз Жолчубеков барган. 60 килограммга чейинки салмак ченинде жалпы 13 спортчу медалдар үчүн ат салышкан.
Жолчубеков алгач украиналык Игорь Курочкин жана грузин Дато Чхартишвилини жеңген. Ал эми жарым финалда азербайжандык Мурад Базаровду утуп, финалда ушул эле мамлекеттин өкүлү Сакит Гулиевди жеңип чемпион аталган.