Индонезияда шайлоонун жыйынтыктарын саноодо каза болгон адамдардын саны 500гө жетти

Индонезияда өткөн шайлоодогу түшкөн добуштарды саноодон улам каза болгон кызматкерлердин саны 500гө жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка ылайык, добуштарды саноодо каза болгон адамдардын өлүмүнүн себептери инсульт жана инфаркт оорулары болгонун Индонезиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлаган.

Жалпы шайлоо комиссиясынын 496 кызматкери каза болгон. Алардын көпчүлүгүнүн жаш курагы 50-70 жашта. Мындан сырткары 2 миң 500 адам ооруканага түшкөн. Массалык өлүмдүн себеби буга чейин ооруп жүргөндөрдүн көп убакыт тынымсыз иштөөдө оорусу күч алып өлүмгө алып барганы айтылууда.

21-апрелде бийликтин бардык тармагына талапкерлерди шайлоо өткөн. Президент, премьер-министр, парламент, жергиликтүү бийликтер, шаардык жана айылдык кеңештерди шайлоо Индонезиядагы эң чоң шайлоо катары саналат.

Индонезиянын ар бир шайлоого катышкан жараны 5 шайлоо бюллетенин толтуруп, 5 башка урнага салууга туура келген. Шайлоого жалпы добуш берүүгө катталгандардын 80 пайызы катышкан. Добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы 22-майда жарыяланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2019-05-13 11:54:40
Биз жактан алып барбайбы эсептегичтерди, шайлоонун акыркы сааттарында эле чыгарып коюшат го биздикилер результатын.
+2
Beka1986
2019-05-13 23:57:44
Тообо кылдым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан