Алматы-Бишкек жолунда 2 унаа сүзүшүп, 9 адам каза болду

Алматы-Бишкек жолунда 2 унаа сүзүшүп, 9 адам каза болду. Бул тууралуу Казак басылмалары Алматы облусунун полиция департаментинин билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 12-майда болгон. Анда Лада менен Тойота автоунаалары сүзүшкөн.

"Жол кырсыгынан каза болгондор Алматы, Шымкент шаарларынын жана Түркестан менен Алматы облусунун тургундары болушкан. Алдын ала маалымат боюнча Ладанын айдоочусу унааны башкара албай каршы тилкеге чыгып, Тойотаны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен жалпы 9 адам каза болгон. Алардын үчөө аял киши", - деп жазылат маалыматта.

Азыркы тапта окуяны тактоо жана иликтөө иштери жүрүүдө.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mars575
2019-05-13 11:27:16
Эй кыргыз бийлиги канчалаган адамдар Алматыдан башка жактарга учат. Транзит кылып биз канча жолу каттайбыз. Бишкек Алматы жолу кан жол. Ош-Стамблду да Бишкекке алып койдунар. Ойлонгулачы. Турк аба жолдорун киргизгиле.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан