Ысык-Көл районунда автоунаа кырсыгынан жаракат алган жаран ооруканадан көз жумду

29-июлда саат 21:30 чамасында Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 11-чакырымында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тамчы айылынын 54 жаштагы Б.К. аттуу тургуну Ниссан-Примера үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып 57 жаштагы Нарын облусунун тургунун сүзүп алган. Жаракат алган жөө жүрүүчү шаардык ооруканадан каза болгон. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан