Эл аралык дзюдо федерациясы дзюдочуларды башка спорт түрүндө мелдештерге катышууга тыюу салды. Бул тууралуу Кыргыз дзюдо федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, IJF эрежелерине өзгөрүүлөр кирген.
"IJF дүйнөлүк рейтингинин бардык тизмесине (жаштар, улуулар, кадеттер) кирген спортчулар, атайын уруксааты жок болсо, башка спорт түрүндө өткөн эл аралык мелдештерге катыша албайт", - деп жазылат маалыматта.
Эреже бузгандар IJF мелдештеринен, машыгуу лагерлеринен жана башка мелдештерден 2 айга же 2 жылга дисквалификация кылынат.