Кара-Көлдө эки унаа сүзүшүп, эки адам ооруканага жеткирилди

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында эки жеңил унаа сүзүшүп, эки адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 12-май күнү саат 08:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 427-чакырымында катталган.

"Бишкекке бара жаткан Хонда Степвагон унаасы каршы тилкеде келе жаткан Тойота Камри унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Тойота камри унаасында бара жаткан 54 жаштагы жана 23 жаштагы жүргүнчүлөр денесинен ар кандай жаракаттарды алып, Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген. Алар учурда хирургия бөлүмүндө жатышат. Ал эми бул кырсык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү териштирүүлөр жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан