2017-жылы Казакстанда сүйлөшкөн кызын зордуктап, качып кетүүгө шектелген Казак жараны Шокан Абылкасымов өлкөсүнө экстрадиция болду. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү жаран 6-майда кошуна өлкөгө өткөрүлүп берилген.
Шектүү Абылкасымов Аламүдүн РИИБи тарабынан 5-мартта колго түшүп, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Окуянын чоо-жайы:
2017-жылдын 23-июнунда Астана шаарында Саина Раисова аттуу жаранды эки бала зордуктаган. Аны мурдагы жигити Шокан Абылкасымов үйүнө конокко чакырган. Кыз айтылган дарекке барганда мурдагы жигити жана анын досу күч колдонуп зордуктап койгон. Ал качып кутулуу максатында көп кабаттуу үйдүн үчүнчү кабатынан секирип, денесинин көп бөлүгү сынып, ар кандай жаракаттарды алган. Бул окуя боюнча Саина Раисова арыз жазып, шектүүлөрдүн бири 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми экинчи кылмышкер кармала элек болгондуктан, ага эл аралык издөө жарыяланган.