Жалал-Абад облусунда 44 жаштагы жаран баңги заты менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ИИМдин баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгѳ каршы күрѳшүү кызматы Жалал-Абад облусу боюнча атайын иликтөө иштерин жүргүзгөн.
"11-май күнү жүргүзүлгѳн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, Базар-Коргон районунун Сай-Коргон аймагында жаран баңгизат менен кармалган. Ал Базар-Коргон районунун 44 жаштагы К.Ш. аттуу тургуну экени аныкталган. Аны текшерген учурда жанынан 33 даана 4 бурчтуу формадагы, ѳзгѳчѳ жыты бар, кара-күрѳң түстѳгү салмагы 327 грамм болгон баңгизат табылган. Кылмышка шектүүнүн буга чейин бир нече жолу соттолуп чыккандыгы маалым. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 267-берене (баңгизаттын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки ѳндүрүшкө алынды", - деп жазылат маалыматта.