Өзгөндө өз атасынан төрөгөн 15 жаштагы кыздын окуясы боюнча сот чечим чыгарды

Өзгөндө 15 жаштагы кызын зордуктоого айыпталган ата 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ош облустук сотунун басма сөз кызматкери Бекзат Осмонкулов кабарлады.

Маалыматка ылайык, Өзгөн райондук соту чечимди 30-апрель күнү чыгарган.

"Соттолуучу М.М. Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси "зордуктоо" менен күнөөлүү деп табылып, 12 жыл 6 айга эркинен ажырады. Учурда өкүм мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек. Нааразы тарап 30 күндүн ичинде апелляциялык тартипте Ош облустук сотуна даттанууга укуктуу. Азыркы күндө арыз түшө элек", - деди басма сөз кызматы.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын башында Өзгөндө өз атасы тарабынан зордукталган кыздын 6 айлык боюна бүтүп калганы белгилүү болгон. Зордуктоого шектелген атасы 20-январда камакка алынып, кызы социалдык кызматкерлерге өткөрүлүп берилгени маалым болгон.
Ал эми Ош шаарындагы "Ак жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова 15 жаштагы кыз 5-апрелде көз жарганын белгилеп, туугандары кызды алып кетүүдөн баш тартканын билдирген.
Өзгөндө өз кызын зордуктаган ата 12 жарым жылга соттолду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
shirinai
2019-05-13 16:40:21
Омур бою камакта чириш керек эле. 12 жыл аз
+4
Bazana
2019-05-13 17:56:43
shirinai,12 жылда тируу чыкпайт.
0
Avrora2017
2019-05-14 04:30:45
ХХХХХХ, тобо кылдым кудай сактасын мындайдан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан