Жаңы муундагы биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар боюнча айыпталып жаткан "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Бүгүн, 13-майда Биринчи Май райондук соту эки айга камакка алынган Талант Абдуллаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. Өтүнүчтү сотко башкы прокуратура келтирип, Абдуллаев сот залынан бошотулган.
Буга чейин УКМК жаңы муундагы биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар аныкталганын айткан. Ал эми 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун токтому менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери 2 айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Ошондой эле бул иш боюнча айыпталган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев үй камагына 26-апрелде чыгарылган.