Ырчы Чолпонай менен продюсери Эрнест Уметалиев бала кезден чогуу ырдашып, кийин кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп 2017-жылы баш кошушкан. "Мырзага", "Чыгыш жомогу", "Классташым" өңдүү ырларды аткарып, бир катар тасмаларда роль жаратууга жетишкен ырчы айым турмушка чыккандан кийин шоу-чөйрөдөн алыстап, кызын тарбиялоо менен алек. Ал интернеттеги социалдык тармактарда бала тарбиялоодогу өзгөчөлүк, кызынын кылык-жоруктары тууралуу айтып, бөлүшүп турат.
"Арман", "Апакем", "Сүйө берем" деген ырлары менен белгилүү Бегимай Эсенгулованын сахнадан оолак болгонуна көп жыл болду. 2011-жылы турмушка чыккан ырчы учурда бир уул, бир кызын тарбиялап жатат. Турмушка чыккандан кийин жолдошунун фамилиясын алып Асылбекова болуп жүргөн ырчы Казакстанда жашайт.
“Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2010-жылдын сахна ажары” наамын жеңип алган ырчы Кайыргүл "Адашпайм эми", "Кайдасың", "Периштем" аттуу ырларды аткарып жүргөн. Ал 2013-жылы турмушка чыга турганын айткан. Көп жылдан бери сахнада көрүнбөгөн ырчы айым соода менен алек болуп жатканы айтылган.
“Кыз жүрөгү”, “Жалган сүйүү”, “Сезим кайгысы” деген ырларды аткарган ырчы Зари эсиңиздеби? Ал 2010-жылдары сахнага чыгып, сүйүү жөнүндө муңдуу ырлары менен белгилүү болгон. Ырчылык тууралуу "Кичинемден эле ырчы болсом деп кыялданчумун. Ырдоо мен үчүн абадай, суудай керек. Кыргыз шоу дүйнөсүнө аябай кызыгып, бул жакта жүрсөм да дайыма жаңылыктардан кабардар болуп турам" дегени бар. 2012-жылы турмушка чыккан эле. Үй-бүлөсүн биринчи орунга койдубу, айтор кийин сахнада көрүнгөн жок.
Бир кездерде "Кайрылбайсың" деген ыры менен катуу чыгып, бирок өзү сахнага кайрылбай жүргөн Жанэл аттуу ырчы кызыбыз бар. Ал 2015-жылы турмушка чыгып, 2016-жылы кыздуу болгон. Үй-бүлөсү менен Талас шаарында жашап жатканы маалым болгон.
"Cупер-Инфонун" тандоосу боюнча 2012-жылдын дебютуна талапкер болгон, “Кайдасыӊ?” ыры менен таанылган ырчы Каныкей Акын 2014-жылы турмушка чыккан. Ал "Түркияга атамдын жанына барып чыгармачылыгымды өзгөчө нукта өзгөртөм" деген эле. 18 жашында турмушка чыккан ырчы айым бир уулду тарбиялап келет.