Жалал-Абад облустук ооруканасына денеси көк ала абалда келип түшүп, учурда оор абалда жаткан 2 жашар кыз боюнча ачылган кылмыш ишинин беренеси өзгөрдү. Бул маалыматты облустук милиция тастыктап, кызга Кылмыш жана жаза кодексинин 139-беренеси "денеге анча оор эмес залал келтирүү" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынганын билдирет. Ал эми кыздын абалы бүгүнкү күнгө карата канааттандырарлык эмес. Облустук балдар дарыгери анын ден соолугунда жылыш жок экенин кабарлады.
"Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Жабырлануучу кыздын таенесинин кошуналарынын арасында кыздын тепкичтен жыгылганын көргөндөр бар экен. Ал эми кыз дарыгердин кароосуна келгенде таенеси аны чымчып койгом деп айтканы бар. Бул жагдайлардан улам берене өзгөрдү. Кыздын апасы учурда Орусиядан келе жатат. Ал дагы суракка алынып, башка дагы маалыматтар белгилүү болушу мүмкүн", - деп билдирет басма сөз кызматкери.
Сузак районундагы айылдардын биринен 2 жаштагы кыз оор абалда ооруканага келип түшкөн. Учурда кыздын абалы оор. Ал эми Жалал-Абад ОИИБи окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, экспертиза дайындалганын айткан.