Кара-Суу районунда 4 турак үйдөн өрт чыкты

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда бүгүн, 13-майда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда райондун Кызыл-Кыштак айыл аймагында Жаңы-Турмуш тилкесиндеги Ибн Сина көчөсүндө жайгашкан 4 турак үй өрттөнүп жатат. Белгилүү болгондой өрт бир үйдөн чыгып, жанаша жайгашкан үйлөргө да өтүп кеткен.

"Тилсиз жоону өчүрүү үчүн 7 унаа барган. Өрт саат 21:22де чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан