Орусияда атасын өлтүрүүгө шектелип 11-класста окуган кызы кармалды

Орусиянын Омск аймагында атасын өлтүрүүгө шектелип 11-класста окуган кызы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кыз менен атасынын ортосунда уруш-талаш көп болуп келген. Буга кыздын сабактарын жакшы окубагандыгы себеп болгон.

"Кыз тергөөчүлөргө "ал мени дайыма мазактачу, урушчу" деп билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында окуяга чейин мектеп окуучусу менен каза болгон атасынын ортосунда көптөгөн пикир-келишпестик орун алып келгендиги аныкталды. Кек сактаган кызы балка менен атасын баш сөөккө ургулап, кийин жүрөк тушуна бычак сайган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhykyo
2019-05-14 09:30:38
ХХХХ керек мындайды булар коомду бузат
0
Ruslan-bel-oruk
2019-05-14 11:04:56
Атан сени жакшы болсун деп урушат та оз атанды да олтуросунбу тоа кылдым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан