Кыргыз Премьер-Лигасында ойногон "Абдыш-Ата" клубунун башкы машыктыруучусу Александр Бельдинов кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган клубдун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бельдинов өз каалоосу менен ээлеген кызматын тапшырган.
"Александр Бельдинов 13-майда клубдун тизгинин тапшырып берүү боюнча арызын жазды. "Абдыш-Ата" командасы анын жогорку профессионалдуулугу жана сапаттуу эмгеги үчүн ыраазычылык билдирет жана алдыдагы машыктыруучулук иштерине ийгилик каалайт", - деп айтылат маалыматта.
Александр Бельдинов 1981-жылы туулган. Оюнчу катары "Абдыш-Ата", "Нефтчи", "Алга" командаларынын катарында ойногон. 2003-жылы футбол боюнча Кыргыз курама командасына чакыруу алып, жалпы 4 беттеш өткөргөн. 2016-2017-жылдары "Алга" клубунда башкы машыктыруучулук милдетин аткарып келсе, 2018-жылдан бери "Абдыш-Ата" командасын жетектеп келген.