Кыргыз волейболчулары эл аралык турнирде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу "Динамо" командасынын оюнчулары билдиришти.
Маалыматка ылайык, Казакстанда полковник Жохар Медеубаевдин жаркын элесине уюштурулган ардагерлер арасында волейбол боюнча 13-эл аралык турнирде Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Динамо" жана "Искра" командалары катышкан.
Мелдештер 10-13-май аралыгында өтүп, жыйынтыгында атаандаштарынан көп упай топтой алган "Динамо" командасы турнирдин жеңүүчүсү аталган.