Түштүк Кореядагы белгилүү актриса Хан Га Ин менен жолдошу актёр Йон Жоң Хун уулдуу болушту. Маалыматты BH Entertainment агенттигине шилтеме берип чет элдик басылмалар жазышууда.
Белгилүү болгондой, актриса Сеулдагы төрөтканалардын биринде 13-майда түнкү саат 2лер чамасында көз жарды. Учурда ымыркайдын жана энесинин абалы жакшы.
Атактуулар 2003-жылы "Сары жоолук" сериалына тартылганда таанышып, эки жылдан кийин баш кошушкан. 11 жыл чогуу жашагандан соң 2016-жылы 13-апрелде кыздуу болушкан.
Хан Га Ин 37 жашта. Ал Түштүк Кореядагы сулуу актрисалардын катарында турат. Актриса "Сүйүүгө кабылган жезкемпир", "Жаман жигит", "Айдын кучагындагы күн" аттуу бир катар сериалдарга, "Архитектураны таануу" тасмасына тартылган.