Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалып турган 2 шектүү денесин кесишкен. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
"Окуя бүгүн, 14-майда саат 10:00 чамасында Токмок ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында болгон. Анда уурулук жана баңгизатын сактоо боюнча шектелип камакка алынган шектүүлөр К.А. жана С.В. нааразычылыктарын билдирип, денелерин желим кашыктын сыныгы менен кесишкен. Бул окуядан соң аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ошондой эле медициналык экспертиза дайындалган. Ал эми Чүй ОИИББинин ички тергөө бөлүмү бул окуя боюнча кызматтык иликтөө баштады", - деп жазылат маалыматта.
Маалыматтар боюнча, тергөө абагында өздөрүнүн ден соолугуна зыян келтирген шектүүлөр мас абалында болушканы айтылууда.