2009-жылы мектепти бүтүргөндөр быйыл 10 жылдыкка барышат. Ырчы Айпери Кубик кызы Бишкектеги №5 гимназияны бүтүргөн. Ал "кээ бир классташтарым менен байланышып турам. Тилекке каршы, класс жетекчибиз эки жыл мурун кайтыш болгон. Быйыл кандай болорун азырынча билбейм" деди.
Ырчы Самара Каримова айрым классташтарын 10 жылдан бери көрө электигин айтат. "Албетте, окуучулук күндөрүбүздү сагындым. Азыр интернет бар эмеспи, классташтарыбыз чогулган топ бар. Сүйлөшүп турабыз. Классташтарым кайсы жакта жүрбөсүн баарына салам айтам, аман болушсун. Бизди окуткан мугалимдерге дайыма таазим этебиз", - деди ал.
Талас облусуна караштуу Манас районундагы Покровка айылында окуганын айткан ырчы Минюра Рахимжанова классташтары 10 жылдык жолугушуу уюштуруп жатышканын айтты. "Ошол күндөрү чыгармачылыгыма байланыштуу иш-чара бар эле. Классташтарым менен жолугушууга да сөзсүз аракет кылам", - деди Минюра Рахимжанова.
Ырчы Бегимай Бекбоева ар улуттун өкүлдөрү менен окуганын айтып өттү. "Классташтарым карачай, түрк, орус улутунан болгондуктанбы жолугушуулар боло элек. Орус тилдүү мектепти бүтүргөнүбүзгөбү, айтор, эч ким маани берген жок. Негизи чогулсак жакшы болмок", - деди ал.
Ырчы Асел Кадырбекова.
Ырчы Нурболот Теңизбек.
Актёр, каскадёр, вайнер Зияш Турдубеков.
Ырчы Айтурган Эрмекова.
Бийчи Максат Токтоналиев.
"Жебе" тобунун солисти Медер Сагынов.
Ырчы Айгерим Расул кызы.
Шоу чөйрөсүндөгү белгилүү инсандардын айрымдары классташтары менен жолугушуу уюштуруп жатышканын айтышса, кээ бири "азырынча тынч эле" деген жоопторду айтышты.
Сиз мектепти бүтүргөнүңүзгө канча жыл болду? Окуучулук күндөрүңүздү эстеп, пикир калтырыңыз.