"Истиклол" клубунун башкы машыктыруучусу: "35 жыл мурда Бишкектин борбордук стадионунда газондун сапаты эң мыкты болчу"

Эртең, 15-майда АФК Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында "Дордой" клубу "Истиклол" командасын кабыл алат. Беттештин алдындагы маалымат жыйынында тажикстандык клубдун башкы машыктыруучусу Хаким Фузайлов алдыдагы оюн тууралуу пикирлери менен бөлүштү.

Фузайловдун айтымында, анын оюнчулары эртеңки оюнга толугу менен даяр.

"Туура 2 апта мурун "Дордой" клубу менен Дүйшөмбү шаарында беттешкенбиз. Алгачкы оюнда ири эсепте жеңишке жетишкенибиз менен эртең баары оңой болбойт. Анткени "Дордой" клубу жеңишке жетиш үчүн болгон күчүн жумшайт жана бул командада мыкты даярдыктан өткөн футболчулар чогулган. Ички чемпиондуктагы беттештер аркылуу эртеңки боло турган оюнга даярдандык. Командабыз беттешке толугу менен даяр.

Мен бул шаарга акыркы жолу 2 жарым жыл мурда Кыргыз курама командасы менен Түркмөнстандын беттешин көргөнү келгем. Ал эми футболчу катары 35 жыл мурун Бишкектин талаасында ойногом. Борбордук стадиондогу оюн талаасы, газондун сапаты эң мыкты болчу. Кыргыз өлкөсү ар дайым меймандостугу менен айырмаланып келген. Бул жолу да бизди эң мыкты деңгээлде тосуп алышты.

Ал эми "Дордой" менен "Алтын Асырдын" оюну тууралуу айтсам, газондун абалы абдан начар эле. Биз үчүн да, "Дордой" үчүн да талаанын абалынын жакшы болгондугу маанилүү. Анткени жакшы абалдагы талаада гана убактысын коротуп келген күйөрмандарга жага турган мыкты оюн көрсөтө алабыз. Кечки машыгуу учурунда газондун канчалык калыбына келтирилгенине күбө болобуз", - деди Фузайлов.

Командалардын алгачкы оюну 1-май күнү Дүйшөмбү шаарында өтүп, бишкектик клуб 4:1 эсебинде жеңилип калган.

"Дордой" клубу "Алтын Асыр", "Истиклол" жана "Худжанд" клубдары менен биргеликте D тайпасына туш келген. Аталган клубдар өз ара 2 жолудан беттеш өткөрүп, эң көп упай топтогон команда мелдештин плей-офф баскычына чыгат. 3 оюндун жыйынтыгы менен тайпанын сап башында 7 упай топтогон "Истиклол" клубу турса, "Дордой" командасы 1 упай менен акыркы орунда жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан