Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 4 турак үйдөн чыккан. Өрттөн жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Жаңы-Турмуш тилкесиндеги Ибн Сина көчөсүндө 13-майда 20:20 чамасында 4 турак үйдөн өрт чыккан. Тилсиз жоо бир үйдөн чыгып, жанаша жайгашкан үйлөргө да өтүп кеткени маалым болгон. Саат 22:36да өрт толугу менен өчүрүлдү.
Маалыматка караганда, жалпы 629 чарчы метр жыгач устундуу темир менен жабылган чатырлар күйгөн.
"Өрттөн жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок. Өрт болжол менен электр шаймандарын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан же электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан", - деп айтылат маалыматта.