Баткен облусунда кылмыш жоопкерчилигинен качып, өлкөдөн чыгып кеткен жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү 2 жаран тең башка өлкөдө качып жүргөн жеринен кармалышкан.
"Шектүүлөрдүн бири Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылынын 36 жаштагы Д.А. аттуу тургуну. Ага 2017-жылдын октябрь айында "денеге атайылап оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бирок ал кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында Орусиянын Троицк шаарында качып жүргөн жеринен кармалды. Ал ушул жылдын апрель айынын аяк ченинде Кыргыз өлкөсүнө алынып келди.
Ал эми экинчи шектүү Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылынын 55 жаштагы тургуну И.Б.. Ал "мыйзамсыз баңгизатын ташуу, сактоо" боюнча шектелип издөөдө жүргөн. 2019-жылдын 13-14-май күндөрү жүргүзүлгөн "адам сатуу" ыкчам иш-чарасынын негизинде кармалды. Шектүүнү кармоодо Баткен ОИИБи Өзбекстан Республикасынын ИИМинин кызматкерлери менен биргеликте иш-аракеттерди жүргүзгөн", - деп жазылат маалыматта.