Бишкектин Чыңгыз Айтматов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен мектеп окуучусун жеңил унаа сүзүп кетти. Бул маалыматты шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктады.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 14-майда саат 18:30 чамасында катталган.
"Хонда Фит унаасынын айдоочусу М.Ж. Чыңгыз Айтматов көчөсү менен келе жатып, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдо окуучуну сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге "Тез жардам" унаасы келип, окуучуну №3 балдар ооруканасына алып кеткен. Ал эми бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, унаа айып короосуна токтотулду. Учурда тийиштүү иштер аткарылууда", - деп билдирет басма сөз кызматы.