Бишкектин Свердлов районунда асыл тукум атты уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-май күнү Свердлов РИИБине Ж.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда 6-май күнү саат 8:30 чамасында Ак-Тилек жаңы конушунан асыл тукум атты белгисиз жарандар аркандап койгон жеринен уурдап кеткени жазылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталган.
"Издөө иштеринин натыйжасында шектүү кармалган. Ал Чүй облусунун 31 жаштагы тургуну А.Ж. болгон. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды. Учурда кызматкерлер шектүүнүн ушул сыяктуу дагы башка иштерге тиешеси бар же жогун аныкташууда", - деп жазылат маалыматта.